• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

“Алтын калем” сыйлыгы ыйгарылды

13 Бештин айы 2022 15:20 Бишкек Govori.TV

Күн мурун, 12-декабрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында Улуттук адабият күнүнө карата республикалык “Алтын калем” сыйлыгын ыйгаруу аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага маданият министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков катышып, акын-жазуучуларды майрамы менен куттукташты.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө жыл сайын уюштурулуп келген республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Сынакка драма жанры боюнча 8 автор, поэзия жанры боюнча 29 автор, проза жанры боюнча 19 автор чыгармалары менен катышкан.

Калыстар тобунун чечими менен жазуучу Абдыкерим Муратов, драматург Алтынай Темирова, акын Нарсулуу Гургубаевалар “Алтын калем” сыйлыгынын лауреаты болушту. Жеңүүчүлөргө диплом, статуэтка жана 100 миң сом байгенин сертификаттары тапшырылды.

Майрамдык салтанат Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалган программа менен коштолуп, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карыткан бир күн” романынын негизинде даярдалган спектакли көрүүчүлөргө тартууланды.

Эске салсак, 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук жазуучулар союзу биргеликте акын-жазуучулар арасында “Алтын калем” сыйлыгын уюштурган.

Аталган сыйлык былтыр да өз ээлерин таап, калыстар тобунун чечими менен айрым чыгармачыл инсандарга ыйгарылган.

Количество просмотров: 171