• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Аманбеков: Борбор Азиядагы бир дагы мамлекетте «чет элдик өкүл» мыйзамы жок

17 Тогуздун айы 2023 16:18 Бишкек Govori.TV

Борбор Азиядагы бир дагы мамлекетте «чет элдик өкүл» мыйзамы жок. Бул тууралуу журналист Семетей Аманбеков билдирди.

«Бул жакта ар бир өлкөдө ушундай мыйзам бар деп айтылып өттү. Жалган! АКШ, Австралия, Венгрия, Орусия Израилде гана бар. Керек болсо Түркмөнстанда дагы мындай мыйзам жок»,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү. Жарандык коомдун, укук коргоо органдарынын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан жыйында бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү парламент депутаты Надира Нарматова демилгелеп жаткан мыйзам долбоорун артка кайтаруу сунушун айтышты.

Количество просмотров: 96