• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кикбокс боюнча дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков эми ушу-саньда менен мелдешке аттанат

14 Баш оона 2018 11:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.08.2018.Govori.TV.
Индонезияда өтө турган Жайкы Азия оюндарында ушу-саньда боюнча Кыргыз курама командасынын курамы белгилүү болду. Анда кикбоксу боюнча дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков ушу-саньда боюнча спорттун түрү менен Индонезияда өлкө намысын коргойт.
Мындай жакшы жаңылыкты жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Эске салсак. 18-августтан 2-сентябрга чейин өтө турган Жайкы Азия оюндарында ушу-саньда боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 5 спортчу катышат. Ошондой эле курама командада кикбокс боюнча Азия чемпиону жана дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси Рустам Ибрагимов дагы бар.
Количество просмотров: 18