• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Англис тилин экинчи расмий тил кылуу сунушталды

26 Жетинин айы 2020 13:39 Бишкек Govori.TV

Конституциялык кеңешмеде англис тилин экинчи расмий тил кылуу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда, жыйында кеңешменин мүчөсү Максат Чакиев билдирди.

«Конституцияда расмий тил деп орус тили көрсөтүлгөн. Анын аркасы менен көпчүлүк өлкөлөрдө биз эркин сүйлөшө алабыз. Менин көз карашым боюнча бир өзөктүү маселе бар. Дагы бир расмий тилди кошуу боюнча маселени карап көрүүнү сунуштайм. Дүйнөлүк процесске аралашабыз десек экинчи расмий тил катары, англис тилин киргизүүнү карап көрүү сунушун берем», — деди ал.

Количество просмотров: 244