• Жума 12 Кулжа 2026
  • Пятница 12 Июнь 2026

Антальяда дайынсыз болуп жаткан кыргызстандыктын сөөгү табылды

12 Кулжа 202619:42 Бишкек Govori.TV

Түркиянын Анталья провинциясынын Кемер районунда деңиз жээгинен дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Kaya Palazzo Belek мейманканасында иштеген кыргызстандык 24 жаштагы Э. Дж. аттуу жаран 6-июнда деңизде сууга түшүп жатып, дайынсыз жоголгон.

“Жээк күзөт бөлүктөрүнүн, ошондой эле Түркия Республикасынын башка органдарынын катышуусунда жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иш-чараларынын жыйынтыгында Э.Дж. жансыз денеси ушул жылдын 11-июнунда табылган. Учурда сөөктү мекенине алып келүү үчүн зарыл болгон бардык документтерди тариздөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул маселе Министрликтин жана Антальядагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун көзөмөлүндө турат», — деп билдирди ТИМдин басма сөз кызматы.

Количество просмотров: 9