• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Анжелика жол кырсыгында урунган бакты кыйып салды

23 Үчтүн айы 2022 22:42 Бишкек Govori.TV

Ырчы Анжелика былтыр кыздары, курбусу менен жол кырсыгына кабылган. Тагыраагы, алар 23-январда Караколго бара жатканда унаа тайгаланып, бир тарабы жолдун четиндеги бакка урунган. Бүгүн, 22-январда дал ошол бак жергиликтүү тургундардын, элдин колдоосу менен кыйылды. Бул тууралуу ырчы өзү билдирди.

«Былтыр ушул күнү бакты кыйып койгондо таңкы саат беште унаа менен түз талаа жакка өтүп кетет белек? Жол эреже белгилерин түндө көрүнө тургандай кылып жасап, камераларды иштетип, дарыгерлерге барып ыраазычылык билдирип, кан чыгарып, ушул жерден курман болгондордун баарына куран окуттук», — дейт ырчы.


Количество просмотров: 9793