• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Анжеликанын Марат Назарбеков менен чогуу түшкөн дагы бир сүрөтү чыкты

22 Үчтүн айы 2019 16:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.01.2019. Govori.TV

Социалдык тармактарда Анжелика менен Марат Назарбековдун чогуу түшкөн сүрөттөрү кайрадан тарады. Ырчынын жеке жашоосуна кызыккандарбы же ага ичи күйгөндөрбү айтор, эми Анжелика эмне деп актанат деп жазып чыгышты.

Буга удаа эле, Айша Байбосунова аттуу Казакстандык ырчы айым өзүнүн инстаграм баракчасына Анжеликаны белгилеп, «Тагдыр станциясы» фильминин жабык көрсөтүүсүндө чогуу болгондорун айтып, айтылып жаткан сөздөрдү тастыктап, дагы бир жолу Марат Назарбеков менен Анжеликанын бирге түшкөн сүрөтүн жеке баракчасына жарыялады.

Анжелика Марат Назарбеков менен болгон мамилесин дайыма жашырып келет, ага турмушка дагы чыгыптыр деген пикирлер айтылды. Бирок ырчы айым, мындай сөздөрдү четке кагууда.

Ал бардык аракетим кыздарым үчүн, азырынча турмушка чыкпайм. Ал үчүн мага 3 жылдай убакыт керек деп айтканы бар.

Булак: «Барометр»

Количество просмотров: 88