Африканы велосипед менен кыдырып, ал тургай Килиманджаро чокусуна чейин чыккан Марат Ниязмат уулу Кыргызстанга Африкадан Люси аттуу келин алып келди.
Ал барган жери Танзаниядан үйлөнгөн, аны аба майдандан жакындары тосуп алышты.
Мараттын жакындары келинди кыргыздын салты менен ак жоолук салып тосуп алышкан. Кыз ислам динин кабыл алганы да кабарланды.