• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Апрелдин алгачкы жумасында аба ырайы кандай болот?

1 Чын куран 2024 9:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет агенттиги билдиргендей, апта ичинде аба ырайы өзгөрүп турат. Айрым аймактарда жамгыр жаап, тоолуу жерлерге кар түшүшү мүмкүн.

Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлүүдө. 1-апрелге караган түнү тоолуу аймактарда үшүк жүрүшү ыктымал. 1-апрель күндүз жана 2-апрель түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 2-3-апрелде күндүн көзү бузулуп, жамгыр жаашы мүмкүн. 4-5-6-апрелде дыйканчылык аймактарда күн ачык болуп, абанын температурасы 15…20 градуска чейин жылымакчы.

Ал эми Талас облусунда 3-4-апрелде жамгыр жааса, башка күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Күн ачык болуп, абанын температурасы 16…18 градуска чейин жетет.

Ош, Баткен облустарында бул жума жаанчыл болору айтылды. 5-апрелден башка күндөрү жамгыр себелеп, тоолуу аймактарына кар жаашы ыктымал. Анткен менен абанын температурасы 17…22 градус, апта этегинде 21…23 градуска чейин ысый турганы болжолдонду.

Жалал-Абадга жаан 4-6-апрель күндөрү жаашы ыктымал. Башка күндөрү күн жылуу болуп, абанын температурасы 17…22 градус, апта соңунда 21…23 градуска чейин жогорулашы ыктымал.

Ысык-Көл облусунда 2-апрелден 4-апрелге чейин күн жылуу болору айтылды. Башка күндөрү айрым жерлерге жамгыр, кээ бир тоолуу аймактарга кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн -2 градус суук болсо, күндүз 12…18 градуска чейин жылыйт.

Нарында 1-5-апрелде жамгыр жааса, 2-3-4-6-апрелде күн ачык болору айтылды. Абанын температурасы 10…15 градуска чейин жогорулайт.

Количество просмотров: 2438