• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Архитектура жана шаар курулуш тармагындагы абал: 377 мыйзам бузуу аныкталды

19 Теке 2022 12:13 Бишкек Govori.TV

2020-2021-жылдар аралыгындагы коррупцияга каршы аракеттенүү, мамлекеттик сатып алуулар, мамлекеттик жарандык кызмат, лицензиялык-уруксат берүү тутуму, архитектура жана шааркурулуш, жер мыйзамдарынын, административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы боюнча жалпысынан 142 текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн,19-июлда Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Мирлан Майтпасов билдирди.

“Текшерүүлөрдө 377 мыйзам бузуу аныкталып, жыйынтыгы менен 196 прокурордук актылар киргизилди. Алардын ичинен 4 каршылык билдирүү, 106 мыйзамдардын бузулушун четтетүү жөнүндө сунуш, 46 талап, 2 алдын ала эскертүү келтирилип, 2 административдик өндүрүш жана 36 кылмыш иши козголгон” – деп билдирди ал.

Ошондой эле, келтирилген прокурордук чаралардын кароосунун жыйынтыгы менен 118 кызматкер тартиптик жана 2 кызматкер административдик жоопкерчиликке тартылып, 22 милиондон ашык материалдык зыян өндүрүлгөн.

Количество просмотров: 118