• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Армения Азербайжанды армян позицияларын аткылоого айыптады

21 Жетинин айы 2022 17:12 Бишкек Govori.TV

Армениянын Коргоо министрлиги 20-ноябрь күнү саат 21:00дө Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүгү ар түрдүу калибрдеги куралдардан армян-азербайжан чек арасынын чыгыш бөлүгүндөгү армян позициясына ок чыгарганын билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, армян тарапта жоготуу болгон жок.

Бүгүн 21-ноябрда ал жакта абал туруктуу.

Азербайжан тарап бул боюнча кандайдыр бир билдирүү жасай элек.

Акыркы күндөрү тараптар маал-маалы менен бири-бирин ок атууга айыптоодо. 17-ноябрда азербайжан тараптан атылган октон армян жоокери жаракат алган. Кийинчерээк Азербайжандын Коргоо министрлиги бул маалыматты караманча четке каккан.

Количество просмотров: 103