• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Арменияда  бийликчил парламент оппозиция лидерин Өкмөт башчыга шайлоодо

1 Бугу 2018 15:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.05.2018. Govori.TV.
“Кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту” дегендей, 10 жыл Армения өлкөсүнө президент болгон Серж Саргсян былтыр өз колу менен өзгөрткөн Конституцияга ылайык эми премьер-министр болуп ишин уланта албай калды. Буга Еревандын көчөлөрүндөгү жүз миңдеген адамдардын нааразычылыгы жолтоо болду.
Кызыгы, ал премьерликтен кеткени, анын парламенттеги тиреги болгон көпчүлүк добушка ээ Республикалык партиясы да элдин эркине багынууга аргасыз болду. Буга бүгүн  42 жаштагы оппозиция лидери Никол Пашиняндын  Армениянын эң жогорку бийлик кызматына -премьер-министрлик орунга жалгыз талапкер болуп, шайлоого бара жатканы ачык мисал.
Армениянын эли чындап эле жаңы саясий лидерге, жаңыча башкарууга суусап турганбы азыркыга чейин эл көчөлөрдү ээн таштап, үйлөрүнө кайта элек. Алар Пашинянды кайсы бир себептер менен Республикалык партия шайлоодон жыдыдып койбосун деген шек менен шайлоого абай салып көчолөрдө турушат.  Пашинянга азыр 105 эл өкүлүнүн аз дегенде 53ү добуш берүүгө тийиш.
Кызыгы, Өкмөт башчылыкка жалгыз аттанган Никол Пашиняндын парламентте болгону  9 партиялашы бар. 58 мандат Серж Саргсяндын Республикалык партиясына, 31 орун “Царукян” блогуна, 7 орун “Дашнакцутюн” партиясына тиешелүү.
Количество просмотров: 3