• Шейшемби 9 Кулжа 2026
  • Вторник 9 Июнь 2026

Кыйын: Балдардын тагдырына таасир эткен миграция

9 Кулжа 202616:04 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген лидер айымдар борбор калаада чогулушту.

Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.

Бүгүнкү эфирде «Балдардын тагдырына таасир эткен миграция» деген тема талкууланат.

“Кыйындын” катышуучулары:

  • Гульзат Сатибекова — Аскы районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты, соцпедагог;
  • Райкан Алымжан кызы — Н. Исанов атындыгы айылдык кеңештин жоопту катчысы;
  • Гулумкан Байышова — Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаты, мугалим.
Количество просмотров: 15