• Шейшемби 16 Кулжа 2026
  • Вторник 16 Июнь 2026

Кыйын: Эмне жеп жатабыз? Азык-түлүк коопсуздугу

16 Кулжа 202616:11 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген лидер айымдар борбор калаада чогулушту.

Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.

Бүгүнкү эфирде «Эмне жеп жатабыз? Азык-түлүк коопсуздугу» деген тема талкууланат.

“Кыйындын” катышуучулары:

  • Бубуажар Мукарамова — Кулумду жалпы дарыгерлер практикалык борборунун ден соолукту чыңдооканасынын адиси, айылдык кеңештин депутаты;
  • Тамара Абдумомунова — Акман аймактык ден соолук комитетинин төрайымы;
  • Жылдыз Ирматова — техника илимдеринин кандидаты, доцент, Ош технологиялык университетинин “айыл-чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы” кафедрасынын башчысы
Количество просмотров: 43