• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Арстан Алайдын өлүмү боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду

11 Үчтүн айы 2024 16:50 Бишкек Govori.TV

Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) каза болгон фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүүдө, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 31-мекемесинин жоопту кызмат адамдары “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткарбай, айыпкер Арстанбек Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракеттерди жасап жаткан учурга көңүл бурбай, анын жеке коопсуздугун камсыз кылууга багытталган ыкчам чараларды көрбөгөндүктүн натыйжасында 2024-жылдын 5-январында 31-мекемесинде Абдылдаев өз өмүрүнө кол салып, асынып каза болгондугу аныкталды.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун) менен кылмыш иши козголуп, тергөөнү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасына тапшырылды.

Количество просмотров: 385