Бугүн, 23-октябрда Арстанбек Абдылдаевдин тарапташтары маалымат жыйын уюштуруп, ага карата кылмыш иши саясий негизде козголгонун билдиришти.
Маалымат жыйынга келген Элвира Сатыбекова өзүн кудай деп атаган кишини куугунтукка алуу абсурд экенин айтып, анда аларга да иш козголушун талап кылды.
Арстан Алай «жаңы кудаймын» деп чыкканы үчүн кылмыш ишин козгошту. Биздин кыргыз элибиздин бардыгы кудай, жердеги ар бир кыргыз кудай. Биз да кудайбыз. Эгер козгой албаса, анда Арстан Алайга иш козгогон кишиге кылмыш ишинин ачылышын талап кылабыз,-деди Элвира Сатыбекова.
Эске салсак, Арстанбек Абдылдаев буга чейин Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, өзүн «Кудай» деп жарыялаган. Ал Арстан Алай деген ат менен да белгилүү. 2011-2017-жылкы президенттик шайлоого катышкан. Кеңири коомчулукка «Зима не будет» («Кыш болбойт») деген сөздөрү менен таанылып, ал Интернетте кызуу талкуу жараткан.