• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Артыкбаев: Химиялык цехти жетекчилер токтотуп койгон

16 Жалган куран 2018 14:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.03.2018.Govori.TV

Мурдагы Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо химиялык цех курулуш керек болчу деп билдирди. Экс-министрдин айтуусунда химиядык цехтин курулушун модернизациялоо ишин көзөмөлдөгөн Кыргызстандык топ талап кылыш керек болчу.

«ТВЕАга мобуларды саласың деп жазып берилген, ошолордун арасында химиялык цех дагы турат. Тилекке каршы проект жүрүп жатканда жоопкерчиликтүү жетекчилер химиялык цехти токтотуп койгон»,-деди Артыкбаев.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБинде январь айынын аягында авария болуп, Бишкектиктер 6 күн жылуулуксуз калган. Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу авариянын себеби ЖЭБди модернизациялоодо химиялык цех курулбай калгандыктан жана буу казандары жайгашкан жердин чатыры тешик болгондуктан экенин билдирген.

Количество просмотров: 40