• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Арзыбек Кожошев КМШ Экономикалык кеңешинин жыйынына катышты

3 Бештин айы 2021 9:38 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москва шаарында өткөн (Россия Федерациясы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жыйынына катышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кеңешменин жүрүшүндө КМШ алкагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Делегация башчыларынын кароосуна 15 маселе сунушталып, кеңешме жыйынтыгы боюнча төмөнкү бир катар документтерге кол коюлду:

— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин кызмат көрсөтүүдөгү, мекеменин эркин соодасы, инвестицияларды ишке ашыруу жана анын иши жөнүндө Келишим долбоорунун тексти жөнүндө;

— КМШга мүчө-мамлекеттердин 2016-2020-жылкы салык кызмат жетекчилеринин Координациялык кеңешинни иши жөнүндө;

— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө;

— Жашоо сапатынын ченемдери жөнүндө;

— жүзүмчүлүктү жана шарапчылыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча КМШга мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгынын Концепциясы жана аны ишке ашыруунун негизги чараларынын Планы жөнүндө;

— 2026-жылга чейинки мезгилде айыл чарба жаныбарларын көбөйтүүдө генетикалык материалдын биологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча КМШга мүчө-мамлекеттердин биргелешкен аракеттеринин Комплексинин долбоору жөнүндө;

— КМШга мүчө мамлекеттердин химиялык өнөр жай тармагындагы кызматташтыгынын концепциясын ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги чаралардын планын ишке ашыруу жөнүндө;

— КМШ Экономикалык кеңешинин 2019-жылдын 21-июнундагы чечими менен бекитилген КМШга мүчө-мамлекеттердин энергетикалык өнөр жайын өнүктүрүү боюнча чаралар жыйындысын ишке ашыруу жөнүндө;

— КМШ өкмөт башчылар Кеңешинин 2015-жылдын 30-октябрдагы чечими менен бекитилген, 2020-жылга чейинки мезгилде КМШга мүчө-мамлекеттердин автотранспорт каражаттары үчүн жаратылыш газын мотор отуну катары пайдаланууну өнүктүрүү жана стимулдаштыруу боюнча чаралар жыйындысын ишке ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө;

— 2022-жылга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин биргелешкен абадан коргонуу тутумун түзүүгө жана өнүктүрүүгө чыгымдардын сметасы жөнүндө;

— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин 2022-жылга бюджеттик эмес каражаттары боюнча кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасы жөнүндө;

— Чек ара аскерлеринин командачылар кеңешинин Координациялык кызматынын 2021-жылга бюджеттен тышкаркы каражаттарынын кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасы жөнүндө.

Количество просмотров: 111