• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Асанов: Дары-дармектерди ташып келүүнүн баасы 2 эсе кымбаттады

20 Чын куран 2020 16:13 Бишкек Govori.TV

Дары-дармектерди ташып келүүнүн баасы 2 эсе кымбаттады. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Фармацевтикалык кеӊештин төрагасы Эрнис Асанов билдирди.

«Заводдордо дарылардын баалары көтөрүлдү. Аба каттамдар жабылгандыктан дары-дармектерди алып келүү кыйынга турууда. Мурда аны ташып келүүнүн баасы 1 килограмм үчүн 3-4 доллардын тегерегинде болсо, азыр ал 7-8 долларга чейин көтөрүлдү. Учурда чоң дефицит жок, бирок баалар көтөрүлдү. Себеби, дарыларды алып келүүнүн баасы эки эсе көтөрүлдү. Ага кошумча доллар менен евронун курсунун өсүшү да өзүнүн таасирин тийгизди», — деди ал.

Количество просмотров: 142