Бишкек. 19.12.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында вице-спикерликтен алынган Асел Кодуранованын маселеси талкууланат. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ирина Карамушкина 14-декабрда болгон СДПК фракциясынын кезексиз отурумунун мыйзамдуулугу боюнча маселе көтөрөөрү айтылды. Ал эми фракция лидери Иса Өмүркулов да өз билдирүүсү менен чыкмакчы.
“КСДП” фракциясы өткөн аптада кезексиз жыйынга чогулуп, Асел Кодуранованы төраганын орун басары кызматынан чакыртып алышкан. Анын ордуна Аида Касымалиеваны сунушташкан.
Кодураңованы вице-спикерликтен алунун себебин, экс- президенттин кол тийбестигин алууда каршы добуш бергендиги айтылган.
“КСДП” партиясы билдирүү таратып, фракциянын кезексиз отурумун мыйзамсыз өткөндүгүн билдирген эле.
Бул кезге чейин да саясий чечимдерди кабыл алууда партия менен фракция карама-каршы пикирлерин билдирип келет.
Булак: “Калыс Медиа”