• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ашууларда жолдор тазаланды

6 Чын куран 2020 13:28 Бишкек Govori.TV

Ашууларда жааган кардан улам жолдор тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-апрелде түнү Бишкек–Ош автожолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусунда, Суусамыр–Талас–Тараз Өтмөк ашуусунда кар жаагандыктан жолчулар таңында жолдорду кардан тазалап, инерттүү материалдарды себишти. Жол автоунаалар үчүн ачык.

Транспорт жана жол министрлиги ашуулар аркылуу кеткен айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, жанында күрөк, чынжыр алып жүрүү керек экендигин дагы бир ирет эскертет.

Количество просмотров: 116