• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ашуулардагы абал…

22 Үчтүн айы 20269:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн саат 09:00гө карата баардык унаа жолдордо жана ашууларда каттам үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, каттам бар.

Жолчулар тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күнү-түнү жүргүзүлүүдө.

«Айдоочулардан кышкы жол шарттарын эске алып, унааны кышка ылайык даярдап, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуп, керектүү шаймандарды ала жүрүүнү жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөбүз», — деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 88