• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Аскер госпиталында миллион сомго жакын каражат кымырылганы аныкталды

6 Бугу 2022 10:44 Бишкек Govori.TV

Аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө бюджеттик каражаттарды уурдоо фактыларын аныктоо жана токтотуу багытында системдүү иш чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Коргоо министрлигинин 44549 аскер бөлүгүнүн (аскер госпиталы) каржы кызматынын башчысы мыйзамсыз түрдө өздүк эсебине бюджеттик каражаттарды которуп, өз пайдасына кымырып алгандыгы аныкталган.

Аталган кылмыш аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке келтирилген зыян 965 миң сомду түздү. 

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу»), 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») жана 346-беренеси («Кызматтык жасалмачылык») менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 294