• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Астана аялын урууга айыпталган дипломатын Абу-Дабиден чакыртып алат

7 Бугу 2024 10:30 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмиратындагы өзүнүн элчилигинин кеңешчисин «шашылыш» чакыртып аларын билдирди. Буга анын жубайынын видео кайрылуусу себеп болгон. Видеодо аял күйөөсүнөн кордук көргөнүн билдирген.

Аялдын билдирүүсү 6-майда «НеМолчи.kz» фондунун социалдык тармактагы баракчасында пайда болду. Казакстандын Бириккен Араб Эмиратындагы элчилигинин кеңешчисинин Сакен Мамаштын жубайы 10 жылдан бери күйөөсүнүн зордук-зомбулугуна кабылып келе жатканын айткан.

«Мен күйөөмдүн дипломатиялык макамынан ажыратылышын жана мага жасаган бардык кордугу үчүн түрмөгө отургузулушун каалайм. Физикалык, сексуалдык, эмоционалдык, экономикалык, тиричилик, үй-бүлөлүк зомбулук», — деп айткан Карина «НеМолчи.kz» фондуна жөнөткөн катында.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү кызматкер тез арада Казакстанга чакыртыларын, анын ишин укук коргоо органдары карай турганын, жардамчы иштен алынарын кабарлады.

«НеМолчи.kz» фондугун жетекчиси Дина Смаилованын “Азаттыктын” казак кызматына билдиргенине караганда, Карина Мамаш азыр Абу-Дабидеги ооруканалардын биринде.

Количество просмотров: 150