Ат-Башынын Кара-Суу айылында бир жашар бала кызамыкка каршы эмдөөдөн кийин чарчап калды. Бул тууралуу анын апасынын кайрылуусу социалдык тармактарга жарыяланды.
Маалыматка караганда, бала үстүбүздөгү жылдын 25-апрель күнү эмдөөдөн өткөн.
«Баламдын температурасы көтөрүлүп, эртеси райондук ооруканага жаткырылды. Дартын аныктай албай, антибиотик сайып, дарыларды улам алмаштырышты. Төртүнчү күнү балам эме албай, шилекейин жута албай калганда Нарынга жөнөтүштү. Ал жактан комага түшүп калганда Бишкекке келдик. Жалдагы ооруканада төрт күн жатып, каза болду», — деди апасы.
Ошондой эле ал президенттен баласынын өлүмүнө күнөөлүү дарыгерлерди жоопко тартууну өтүндү.