Бишкек.16.06.2018.Govori.TV
Нарындын Ат-Башы районундагы ооруканага 16 адам кутурма оорусуна байланыштуу кайрылды. Болжолдуу маалыматтар боюнча, Казыбек айылында малга кутурма менен ооруган карышкыр кол салган.
«Бизге маалымат жеткенде дароо санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү, ветеринардык жана медициналык дарыгерлер, айыл өкмөт башчы менен бирге кутурма оорусу чыккан Арпа жайлоосуна ыкчам текшерүү уюштурдук. Ал үй-бүлөдөгү 7 адам жана ошол учурда алар менен байланышта болгон тааныштары — жалпы 16 адам ооруканага келип, кутурмага каршы эмдөө алышты. Ал эми малдарга керектүү дары-дармектер жөнөтүлдү. Өлгөн малдар өрттөлүп, жерге көмүлүп, хлорлонду. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат», — дейт Ат-Башы райондук акиминин орун басары Ж.Тентимишов.
Казыбек айылынын тургундарынын айтымында, кутурма оорусу жуккан мал ээсинин короосуна карышкыр кол салганда 7-8 баш мал жабыркаган. Аларды айыктыруу үчүн керектүү дарылар колдонулганы менен жыйынтык чыкпай, андан шектенген тургун текшерүүгө алып барган. Ал эми айрым тургундар өлгөн мал дароо көмүлбөй, илинип турганын айтышты.