• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Ата Мекендин» ызы-чуусу эми кызыйт

8 Үчтүн айы 2020 12:58 Бишкек Govori.TV

«Ата Мекен» партиясы курултай өткөрүп, түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүсү мүмкүн. Бул маалыматты аталган партиянын катчылыгы ырастады.

Билдирүүгө ылайык, курултай  март айына белгиленген. Анда бир катар өзгөрүүлөр күтүлүп жатат.

Ал эми саясатчы Өмүрбек Текебаев Азаттыктын “партия лидерлигин башкага өткөрүп бересизби?” деген суроосуна “аны убакыт көрсөтөт” деп жооп кайтарган.

 Кошумчалай кетсек, «Ата Мекен» Социалисттик Партиясы-Кыргызстандагы саясий партиялардын бири. Партияны Өмүрбек Текебаев консервативдик көз караштагы «Эркин Кыргызстан» партиясынан чыккандан кийин 16-декабрь 1992-жылы түптөгөн. Кечээ жакында партияны кара мышык аралап, партиянын парламенттеги фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов партия лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестигин жарыя кылып, мандатын тапшырган эле.

Количество просмотров: 238