• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Ата, сизди сагындым». Ошто 7-класстын окуучусу өз жанын кыйды

30 Бугу 2022 13:24 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Ноокат районунда 15 жаштагы окуучу өз үйүнөн асынып алды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-май күнү саат 16:40 чамасында Гулистан айыл аймагында 15 жаштагы өспүрүм үйүндө асынып алган. Аны апасы Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып келген. Андан соң милицияга кабар берилген.

Аталган маалымат Ноокат РИИБинде маалыматтардын электрондук журналына катталган.

«Алгачкы текшерүү иштеринин жүрүшүндө аталган айылдын 7-классынын окуучусу 2007-жылы туулган В.А. «Ата, сизди сагындым. Сиздин жаныңызга баратам» деген мааниде кат жазып калтырып, асынып алган. Маркумду алгач апасы көрүп калып, ошол замат жибин чечип Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып барган»,-деп айтылат маалыматта.

Окуучу кыздын эмне себептен жанын кыйгандыгын тактоо боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 6082