• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Атайын кызматтын Алматы шаардык департаментинин мурдагы башчысы 6 жылга соттолду

25 Чын куран 2023 15:24 Бишкек Govori.TV

Казакстанда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) Алматы шаардык департаментинин мурдагы башчысы алты жылга соттолду.

Алматыдагы Алмалы райондук сотунун Facebook баракчасында «Н.М. аттуу жаран «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, алты жылга соттолгону, анын мамлекеттик кызматтарда иштөөсүнө 10 жылга тыюу салынып, генерал-майор наамы жокко чыгарылганы» жазылган.

Жергиликтүү басылмалар кеп УККнын Алматы шаардык департаментин 2022-жылдын январына чейин башкарган Нурлан Мажилов жөнүндө болуп жатканын жазышты.

Казакстандын Башкы прокуратурасы Мажиловго карата тергөө иштери жүрүп жатканын былтыр февралда билдирген. Бирок анда иштин чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берилген эмес.

Быйыл 7-апрелде Талдыкорган шаардык соту УККнын Алматы облустук департаментинин мурдагы башчысы Сабит Курманалиевди «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан. Тергөөнүн версиясына ылайык, ал Январь окуялары маалында департаменттин имаратын коргоо чараларын көрбөй, жеке курамга кызматтык жана жашыруун документтерди жок кылууга буйрук берген.

Буга чейин Январь окуялары маалында кызматтык милдеттерин аткарган эмес деген айып менен Казакстандын мурдагы коргоо министри Мурат Бектанов 12 жылга соттолгон. Күн мурун Астана соту Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Карим Масимовду 18 жылга, анын мурдагы үч орун басарын үч жылдан 16 жылга чейинки мөөнөттөргө эрктеринен ажыраткан.

Количество просмотров: 50