Депутат Кубанычбек Жумалиев Түндүк-Түштүк альтернативалык жолуна экс-президент Алмазбек Атамбаевдин атын ыйгарууну сунуш кылды. Ал бул тууралуу 5-декабрда Жогорку Кеңештин «транспорт, комуникация, архитектура жана курулуш» комитетинин жыйынында билдирди.
Эске салсак, буга чейин дагы бир депутат Сайдулла Нышанов Алмазбек Атамбаевге кыргыз эл баатыры наамын берүү керек экенин айтып чыккан. Президент Сооронбай Жээнбеков алгачкы буйругу менен Алмазбек Атамбаевди Кыргыз Эл Баатыры жана Акшумкар ордени менен сыйлаган.
Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Кытай кредити менен курулуп баштаган. Кара жол 2020-жылы ишке берилери күтүлүп жатат.