• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Карамушкина: Атамбаев маалымат жыйын өткөрөт

1 Жетинин айы 201812:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.10.2018. Govori.TV
Алмазбек Атамбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен пресс-конференция уюштурат. Бул тууралуу бүгүн КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина билдирди. Ал пресс-конференция жакында өтөрү пландалып жатканын кошумчалады.
Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарды.
Президенттиктен кеткенден кийин быйыл 31-мартта алгачкы пресс-конференциясын өткөрүп жатып айткан сөздөрүнөн соң анын жана азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосунда ажырым ачыкка чыккан.
31-октябрда КСДПнын саясий кеңеши парламенттеги фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду партиядан чыгарганын жарыялады. Өмүркулов өзү бул чечимди мыйзамсыз деп атап жатат.
Количество просмотров: 66