• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Атамбаев Түлеев түрмөдө жатканда эмнени сураган?

3 Бугу 2018 12:17 Бишкек Govori.TV

 

Бишкек. 03. 05. 2018. Govori.TV

“Алмазбек Атамбаев камактагы Нариман Түлеев андан кечирим сурай турган болсо, түрмөдөн чыгараарын убада кылган”. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Калыбек Чулуев аттуу аксакал маек берип жатканда айткан.

Анын айтымында, Нариман Түлеев актыгына, мыйзам бузбаганына таянып, кечирим суроодон баш тарткан жана бул үчүн ал мыйзамсыз түрдү дүйнө-мүлкүнөн ажырап, экс-президенттин каарына калган.

Эске сала кетсек, Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри болуп турган маалда кытайлык компаниядан автобустарды кымбат баада сатып алган деген шек менен соттолуп,  жаза мөөнөтүн аяктаган.

https://www.youtube.com/watch?v=gU_6CacwCTE

видео 24 kg

Количество просмотров: 17