• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Атамбаев уулу Башкы прокуратураны сотко берди

14 Жетинин айы 2019 18:13 Бишкек Govori.TV

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Башкы прокуратураны сотко берди. Бул маалыматты Сейитбек Атамбаев 24.kg агенттигине тастыктап, калган суроолорго түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

«Автомаш-Энергонун» директору көзөмөл органынан эмне талап кылганы азырынча белгисиз. КСДП партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков «Фейсбук» баракчасына доо-арызга Башкы прокуратуранын пресс-релизи себеп болду деп жазган.

Буга чейин Башкы прокуратура мурунку президентке карата козголгон кылмыш иштеринин алкагында Алмазбек Атамбаевдин жана анын жакындарынын мүлкүн, активдерин жана мекемелерин текшерилет деп билдирген. Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, 2015-жылдан бери «Автомаш-Энерго» бир дагы жолу салыктык текшерүү жүргүзүлгөн эмес. Мындан тышкары фирманын жетекчилиги салык органдарына керектүү документтерди көргөзүүдөн баш тартып келет.

Эске салсак, 31-октябрда «Автомаш-Энерго» ишканасынын башкы кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн.

Булак: 24.kg.

Количество просмотров: 82