• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Атамбаевдин жубайы менен баласы суракта экени кабарланды

22 Жетинин айы 202515:49 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан суракка алынып жатканын анын кызы Алия Шагиева билдирди.

Анын айтымында, Раиса Атамбаеванын батири бүгүн эртең менен тинтүүгө алынып, андан кийин ал жана анын бир тууганы Кадырбек Атамбаевди суракка алып кетишкен.

Бул тууралуу ИИМ азырынча расмий маалымат бере элек.

Количество просмотров: 340