• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Атын Эламан коюшту». Баткенден Ошко эвакуацияланган келин уул төрөдү

20 Аяк оона 202212:49 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында Баткенден келген келин көз жарды. Бул тууралуу ОшМУнун маалымат кызматы билдирди.

Жаңы төрөлгөн ымыркай үй-бүлөнүн төртүнчү перзенти. Ага ата-энеси Баткен облусундагы каргашалуу окуяда баатырларча курман болгон Эламан Ураимовдун урматына «Эламан» деген ысым койду.

Көз жарган келин Баткенден эвакуацияланып келген эл менен Ош мамлекеттик университетинин жатаканасында жашап жаткан.

Количество просмотров: 63