• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атыр Абдрахматова Акыйкатчы болду

2 Жалган куран 2022 18:00 Бишкек Govori.TV

Депутаттар Акыйкатчы кызматына Абдрахматованын талапкерлигин жактырды. Бүгүнкү жыйында депутаттардын жашыруу добуш берүүсүнүн жыйынтыгында 50 добуш менен Абдрахматова Кыргызстандын Акыйкатчысы болду.

Ал эми талапкерлер Турсунбек Акун 2 добуш, Маматурайым Момунов 9 добуш жана Бакытбек Узенбаев 13 добушка ээ болду. Баардыгына каршы 3 депутат добуш берди.

Буга чейин парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында Акыйкатчы кызмат ордуна сунушталган талапкерлер каралып, фракциялар кызматка төрт талапкерди сунушташкан.
Турсунбек Акунду жана Атыр Абдрахматованы «Ынтымак» фракциясы, Маматурайым Момуновду, Бакытбек Узенбаевди, Атыр Абдрахматованы «Ыйман Нуру» фракциясы көрсөткөн.

Атыр Абдрахматова 1981-жылы 7-февралда төрөлгөн. 1998-2003-жылдары Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттен юриспруденция адистиги боюнча билим алган. 2004-2005-жылдары Кыргыз-Россия Славян университетинин кайра даярдоо борборунан маркетинг менеджери, жарнама жана коомчулук менен байланыш адистиги боюнча билимин тереңдеткен.

Эмгек жолу:

2000-2001 —Калктын аялуу катмарына жарандык-укуктук маселелер боюнча бекер жардам берүүчү «Жардам» долбоорунда консультант
2003-2004 — КР Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу палатасынын депутатынын жардамчысы
2004-2005 — КР Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын орун басарынын жардамчысы
2005-2007 — КР Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы
2007-2009 — «Оберон» ЖЧКсынын юристи
2008-2009 — «Интербилим» эл аралык борборунун юристи
2008-2012 — «Кебел» коомдук клубунун координатору
2011-жылдын сентябрынан тарта КТРКнын редакциялык кеңешчиси
2015-2020 жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон.

Количество просмотров: 287