Август айында эле Салык кызматы 20 миллиард сомго жакын салык төлөмүн чогулткан. Бул тууралуу Салык кызматынын жетекчисинин орун басары Нургүл Салиева билдирди.
Анын айтымында, учурда Салык кызматы санариптик трансформациядан өтүп, анын тутумуна көптөгөн инновациялар киргизилүүдө.
«Муну биздин салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча маалыматтар тастыктап турат. Бүгүн мен август айында 20 миллиард сом чогулттук деп айта алам. Кыргызстандын тарыхында мындай болгон эмес. Ошондой эле планды толугу менен аткаруу пландалууда», — деди ал.
Ал белгилегендей, жыл аягына чейин 200 миллиард сом чогултуу пландалып жатса, былтыр бул көрсөткүч 185 миллиард сом болгон.
Салыштыра келсек, Салык кызматынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын август айында 17,3 миллиард сом салык чогултулган.