“Асман аба жолдору” мамлекеттик компаниясынын авиабилеттеринин баалары эмне үчүн кымбат болууда? Бул тууралуу социалдык тармактардын колдонуучулары билдирип, билет баалары беш миң сомго чыкканын жазышууда. Бул боюнча “Манас” эл аралык аэропорту мындай түшүндүрмө берди.
Азыркы учурда компанияда баа түзүү принциби иштейт. Бул билеттин баалары сатылып алынган орундардын санына жараша өзгөрүшү мүмкүн экендигин билдирет. Канчалык көп орун брондолсо, суроо-талаптын өзгөрүшүнө жараша баалардын өзгөрүү ыктымалдыгы ошончолук жогору болот.
Маалыматка ылайык, 26-сентябрга карата ар бир каттамдагы акыркы беш орундун баалары төмөндөгүдөй болгон: супер эконом – 4000 сом; толук эконом – 4500 сом; флекс эконом – 5000 сом.