• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Аялынан өч алууну каалаган адам эки баласын өлтүрдү

18 Бугу 2023 14:10 Бишкек Govori.TV

17-майга караган түнү Самарканд облусундагы Тайлак районунун тургуну өзүнүн эрезеге жете элек эки баласын өлтүрдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 39 жаштагы тургун Орусияда иштеп жүргөн аялынын башка эркек менен болгон мамилеси тууралуу видеону көрүп, жубайлар ортосунда чыр чыккан.

Бул окуядан кийин үй ээси аялынан өч алуу үчүн өзүнүн 6 жана 8 жаштагы балдарын зым менен муунтуп өлтүргөн. Андан соң Тайлак райондук ички иштер башкармалыгына өзү барып, окуя жөнүндө айтып берген.

Шектүү кармалып, бул факты боюнча «Атайылап адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 157