• Шаршемби 17 Кулжа 2026
  • Среда 17 Июнь 2026

Касымалиевдин Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады

17 Кулжа 202617:51 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 16-17-июнда Өзбекстандын Ташкент шаарына болгон иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында минкаб төрагасы алгач  Борбор Азия эл аралык көргөзмө борборуна барып, борбордун ишмердүүлүгү менен таанышууда адамдарды, идеяларды жана технологияларды бириктирүү үчүн инновациялык жана шыктандыруучу платформаны түзүү максаты каралды. 

Анда соң Адылбек Касымалиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү. 

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Азербайжан, Беларусь, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин өкмөт башчылары менен бирге Ташкенттеги Ислам цивилизациясы борборуна барып, тарыхый булактар менен таанышты. 

Иш сапардын экинчи күнүндө Ташкент инвестициялык V эл аралык форумунун пленардык жыйынына катышып, Кыргызстан менен алака түзүүнүн потенциалына токтолуп, артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууга даяр экенин айтып, форумдун ишине ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, форумга Албания, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан мамлекеттеринин өкмөттүк делегациялары, дүйнөдөгү ири корпорациялардын жана эл аралык каржы институттарынын жетекчилери катышты. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын Өзбекстанга болгон иш сапары аяктагандан соң, Россияга иш сапары менен учуп кетти.

Количество просмотров: 17