• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«АЮ Холдингдин» негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынды

12 Аяк оона 202311:22 Бишкек Govori.TV

«АЮ Холдинг» компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, соттун 2023-жылдын 8-сентябрындагы чечими менен айыпталуучу А.Ш.Ш. сыртынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган.

2023-жылдын апрель айында чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси «Алкоголдук жана алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү» боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында үч адам кармалган.

Количество просмотров: 169