• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

«Аюнун» мурдагы кожоюну Абдыкеримов ооруканада экени айтылды

19 Чын куран 2023 20:05 Бишкек Govori.TV

Мамлекетке өткөн «Аю» арак заводунун мурдагы кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов реанимацияда. Бул тууралуу ЖК депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, бул заводдун мамлекетке өтүшү менен байланышы жок.

Журналисттин суроосуна жооп берип жатып, Балбак Түлөбаев «Заводду рейдерлик жол менен тартып алуу же конфискация болду деп атоого болбойт»,-деп билдирди.

Буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп, коррупцияга каршы күрөш боюнча суроолорго жооп берген. Ал өз сөзундө «Аю» заводу «кустуруу» өнөктүгүнүн курмандыгы болду деген пикирлерге жооп берип, ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин айтты.

«Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат», — деп билдирген Садыр Жапаров.

«Аю» компаниясынын тегерегинде ар түрдүү пикирлер коомчулукта байма-бай айтылып жатат. 

Количество просмотров: 240