Бүгүн Бишкектеги “Мурас” турак жай комплексинен 1080 үй-бүлө көптөн күткөн батирине ээ болот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
«“Мурас” турак жай комплексиндеги 24 кабаттан турган, 1080 үй-бүлө көптөн күткөн батирине ээ болот. Сабырдуу болсок, кезекте турган бардык жарандар 2–3 жылдын ичинде үйлүү болосуздар», — деп жазган ал.