• Шаршемби 17 Кулжа 2026
  • Среда 17 Июнь 2026

Бүгүн бокс боюнча чемпионат башталат

24 Жетинин айы 20209:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-ноябрда бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат.

Маалыматка ылайык, мелдеш 28-ноябрга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 10 салмактык категорияда эркектер жана аялдар арасында 5 салмактык категорияда өткөрүлөт.

«24-27-ноябрь күндөрү – алдын ала беттештер, чейрек финал, жарым финал өтөт. Ал эми 28-ноябрь күнү финалдык оюндар болот. Уюштуруучулардын айтымында, турнирде 15 медалдар топтому ойнотулат — эркектер үчүн 10 жана аялдар үчүн 5»,-деп айтылат маалыматта.

Чемпионат жаңы олимпиадалык циклге улуттук курама командаларды түзүү, республиканын аймактарында боксту өнүктүрүү жана өлкөнүн жаштарынын арасында боксту жайылтуу максатында уюштурулууда.

Количество просмотров: 105