• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бир катар өлкөлөр Ташкентте өтчү бокс боюнча дүйнөлүк чемпионатка бойкот жарыялашты

17 Бирдин айы 2023 14:55 Бишкек Govori.TV

Быйыл май айында Ташкентте өтчү бокс боюнча эркектер арасындагы дүйнөлүк чемпионатка АКШ, Канада, Чехия, Ирландия жана Швециянын спортчулары бойкот жарыялашты.

Буга орусиялык жана беларустук спортчулардын өз өлкөлөрүнүн желектери жана гимни менен мелдешке чыгышы себеп болду. Чемпионат 1-14-майга пландалган.

Kun.uz сайты бойкотко Эл аралык бокс федерациясынын (IBA) президенти Умар Кремлёвдун орус президенти Владимир Путинге жакындыгы жана анын уюму «Газпромго» көз каранды экени да себеп болгонун жазды.

Бойкот жарыялаган өлкөлөр Украинага басып киргени жана согушту колдогону үчүн Орусия менен Беларусту ар кандай мелдештерден четтетүүнү талап кылып келет.

Орусиянын “Газпром” ишканасынын демөөрчүлүгү менен Ташкентте өткөрүлө турган бокс чемпионатынын байге фонду 5,2 миллион долларды түзөт (биринчи орунга 200 миң доллар, экинчи орунга 100 миң доллар, үчүнчү орунга 50 миң доллар).

Эл аралык олимпиада комитети 2023-жылдын 2-февралында Орусия менен Беларуска каршы санкцияларга кошулган жана бул өлкөлөрдүн желектерин, гимндерин спорттук мелдештерде колдонууга тыюу салынган. Мындай чечимге көптөгөн украиналык мушкерлер жана машыктыруучулардын Орусия баштаган согушта набыт кеткени себеп болгон.

Булак: centralasian.org

Количество просмотров: 168