Кыргызстандын аймагында 4-5-июлда ысык аба ырайы күтүлөт жана абанын температурасы көтөрүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Чүй облусунда күндүз абанын температурасы +35…+40 градуска чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +36…+41 градуска чейин, Талас облусунун өрөөнүндө +33…+38 градуска чейин жетет.
Мындай кургак жана ысык аба ырайы учурунда суудан көбүрөөк ичип, ысык өткөрүп алуудан сактануу сунушталат.