• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бүгүн экс-депутат Аскарбек Шадиевдин иши каралат

5 Жетинин айы 2018 9:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.11.2018. Govori.TV
Бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Аскарбек Шадиевдин иши каралат. Соттук отурум Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтөт.
Эске салсак, Шадиевке карата «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иш козголгон. Ал КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы боюнча айыпталган.
Ошондой эле «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча да иш козголгон.
Белгилей кетсек, Шадиевдин мандаты 2-ноябрда алынган. Ал партиялык тизме менен Эрмамат Тагаевге берилген.
Количество просмотров: 8