• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бүгүн көпчүлүк аймактарда аба ырайы туруксуз болот

16 Чын куран 20269:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 16-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында аба ырайы туруксуз болуп, жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

16-17-апрелдерде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөр жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Облустардагы абанын температурасы төмөндөгүдөй:

Чүй: түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18

Талас: түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17

Ош: түнкүсүн 8…13, күндүз 15…20

Жалал-Абад: түнкүсүн 8…13, күндүз 15…20

Баткен: түнкүсүн 8…13, күндүз 15…20

Ысык-Көл: түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19

Нарын: түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21

Бишкек шаарында: түнкүсүн 8…10, күндүз 15…17 градус болот.

Количество просмотров: 112