• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн кайсы жетекчи сөгүш алат? Касымалиев министрлерди “Ынтымак ордодо” чогултту

21 Бирдин айы 202510:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн бир топ катуу сындар айтыла турганын министрлер кабинетинин башчысы – президенттик аппараттын жетекчиси Адылбек Касымалиев 21-февралда “Ынтымак ордодо” өткөн коллегияда билдирди.

Ал чиновниктерди бул сынга түшүнүү менен мамиле жасап, сынды кабыл алып, жыйынтык чыгарууга чакырды.

Күн тартибинде 4 маселе бар.

  • президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана талдоо, чет өлкөлүк командировкалардын эффективдүүлүгү, мамлекеттик органдардын ишин пландаштыруу көйгөйлөрү;
  • билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер;
  • 2024-жылдагы президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын – акимдеринин жана шаар мэрлеринин ишинин жыйынтыктары;
  • мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды өздөштүрүү.

Министрлер кабинетинин башчысы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө баа берилерин билдирди.

Количество просмотров: 474