• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бүгүн сотто Бурулайдын иши боюнча өкүм чыгат

11 Бештин айы 2018 12:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек.11.12.2018.Govori.TV.

Бүгүн, 11-декабрда Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча сот өкүмү чыгат. Аны даярдаш үчүн ишти карап жаткан Свердлов райондук сотунун судьясы Санжар Чотонов кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти.

Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү үчүн айыпталып жаткан Марс Бөдөшев бүгүн сотто акыркы сөзүн айтып, 4-майдагы ала качууну мойнуна алган эмес. Андан тышкары, кырсык болгон 27-майда да кыздын өзү менен сүйлөшүп алып кеткенин айткан.

Ал эми досу Акмат Сейитов соттон калыс чечим чыгарууну жана ишти кайра тергөөгө жиберүүнү өтүнгөн.

10-декабрдагы жараянда прокурор Бөдөшевди 23 жылга күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө кесүүнү, ал эми Сейитовду жети жылга эркинен ажыратууну сураган.

Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Ала качуу”) жана 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”), ал эми Акмат Сейитовго Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси (“Кылмыш кылууга көмөк көрсөтүү”) менен айып коюлган.

Эске салсак, Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Количество просмотров: 8